Бишкек көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

Бишкек көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

Борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, пилоттук долбоордун алкагында Чүй проспектисинде “Россия” кинотеатрынын маңдайында шлагбаум тибиндеги жол тосмосу орнотулду. Бул тосмо Түштүк Кореядан келген “New Pioneer Co., LTD” компаниясы тарабынан “Бишкекасфальтсервис” МИнин жардамы менен тургузулган. Узундугу 100 метр.  Тосмо бышык материал поливинилхлоридден жасалган.

Бул пилоттук аймак жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу шаар жолдорунун ичинен тандалып алынган.


Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында аталган ишкана менен меморандум түзүлгөн.

Маалымдама: «New Pioneer Co., LTD» Түштүк Кореяда жайгашкан жана аккредитацияланган компания жол капталындагы тосмолорду жана жолдордун огуна орнотулган бөлүүчү тосмолорду, ошондой эле үн өткөрбөй турган тосмолорду чыгарууга адистешкен. Аталган компаниянын продукциялары көптөгөн сыноолордон ийгилктүү өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>