Россиядагы мекендештер аскерге чакырыла баштады — видео

Россиядагы мекендештер аскерге чакырыла баштады — видео

Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар өлкөдөгү мобилизациянын алкагында аскерге чакырыла баштады. Бул тууралуу Readovka телеграм каналы билдирди.

Readovka’нын кызматкери Москвадагы аскер комиссариатынын бирине барып, маек алгандардын арасында Кыргызстандын мурдагы жараны бар болгон. Анын айтымында, ал мурда аскерде кызмат өтөгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-сентябрда Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация болорун жарыялаган. Бул өнөктүктүн алкагында запастагы 300 миң киши чакырылары айтылган. Ошол эле учурда айрым басылмалар өздүк булагына таянып, аскерге чакырыла тургандардын саны 1 млн кишини түзүшү мүмкүн экенин жазууда.

20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган. Ага байланыштуу Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, аскерге барышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирген.

Россияда кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасап, Кыргызстандын жарандарын кайсы бир согушка катышпоону, ал үчүн катуу жаза каралганын эскерткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>