Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Ал бул тууралуу парламенттин жыйынында билдирип, окуяны өлкө үчүн тарыхый жетишкендик деп атады.
Төраганын айтымында, дүйнөдөгү эң маанилүү эл аралык түзүмдөрдүн бирине шайлануу Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүп жатканын көрсөтөт.
«Бул биздин мамлекет үчүн эң маанилүү тарыхый жеңиштердин бири. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары Кыргызстандын дүйнөдөгү эң чоң трибуналардын биринде өзүнүн орду пайда болду», — деди Маматалиев.
Ал белгилегендей, мындан бир нече жыл мурда Кыргызстанды дүйнөдө жакшы тааныбаган учурлар болсо, бүгүн өлкөнүн эл аралык аброю кыйла жогорулады.
Төрага бул жетишкендикке өлкөдөгү экономикалык өсүш жана мамлекет башчысынын тең салмактуу жана жигердүү тышкы саясаты чоң салым кошконун белгиледи.
«Бул жөн гана шайлоо эмес. Добуш берүүгө 190 мамлекет катышып, ар бири өз добушун берди. Мындай жыйынтыктын артында чоң эмгек жана олуттуу иштер турат», — деди ал.
Марлен Маматалиев БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги мүчөлүк Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө, инвестиция тартууга жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.
Сөзүнүн соңунда ал кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана биримдик каалап, мамлекет мындан ары дагы чоң жетишкендиктерге жетерине ишенерин айтты.