Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы менен куттуктады
04.06.2026 | 12:03

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий баракчасына жарыяланды.
Токаев өз куттуктоосунда бул маанилүү окуя Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ экенин айтты.
"Кыргыз Республикасынын президентинин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан жаратман жана конструктивдүү тышкы саясаттын натыйжасында Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы жогорку деңгээлде таанылды. Казакстан Кыргызстандын талапкерлигин ырааттуу түрдө колдоп келген жана мындан ары да бул жооптуу миссияны аткарууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ийгиликтүү жана үзүрлүү иш каалайм", — деп билдирди ал куттуктоодо.
Кечээ, 3-июнда, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкөгө 142 мамлекет оң добушун берди. Эми Кыргызстан уюмдун негизги органдарынын биринин курамында 2027–2028-жылдары иш алып барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: БУУ, Касым-Жомарт Токаев