Бишкек: «Кудайберген» базарынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги Кудайберген базарында чыккан өрттө унаа тетиктерин саткан ондон ашуун контейнер күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Ыкчам топ тартылып, саат 17:45те чектөөгө алынды.

Контейнерлерден чыккан өрт саат 20:57де толук өчүрүлдү. Болжол менен өрттүн аянты 500 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу 20 контейнер күйгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>