Кыз каза болуп калды. Мас айдоочу алгач унаа, андан соң кызды сүзгөн

Кыз каза болуп калды. Мас айдоочу алгач унаа, андан соң кызды сүзгөн

Бишкекте Subaru Forester унаасынын айдоочусу сүзүп кеткен кыз каза болду. Бул маалыматты Reporter.kg′ге борбор калаанын Кайгуул милициянын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.

Ал  ооруканага жеткирилгенден соң каза тапкан.

Маалым болгондой, Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу Чүй проспектиси менен батыш тарапка бара жатып, Исанов көчөсү менен кесилишкен жерден Опел үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Качууга аракет кылган Субару Форестер Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 20-25 жаштардагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Субарунун айдоочусу Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, унаа айып короого киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>