Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулашты

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын мэринин орун басары Георгий Ткемаладзе менен жолукту. Тбилиси шаарында өткөн жолугушууда эки шаардын ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү маселеси каралды.
Тараптар Бишкек менен Тбилисинин ортосундагы кызматташтык, шаардык инфратүзүм, коомдук транспорт, коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү жана чөйрөнү өнүктүрүү багыттарындагы тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Сапардын алкагында Бишкек шаарынын делегациясы Тбилисиде асма жол долбоорлорун ишке ашырган австриялык «Doppelmayr» компаниясынын өкүлдөрү менен да жолугушту. Анда Бишкекте асма жол куруу долбоорунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү сүйлөшүлдү.
Мындан тышкары, алар «Тбилисоба 2026» майрамына арналган иш-чараларга катышышты. Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты улантуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашты.