Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, 6-октябрда, республика боюнча 17 мектеп жана 3 бала бакча ишке киргизилди. Билим берүү объектилери Бишкек, Манас, Ош шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тоң, Алай жана Айтматов райондорунда ачылды. Алардын ичинен 10 мектеп Бишкек шаарында жайгашкан.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндөгү мектептин имаратына барды жана калган 16 мектеп менен 3 бала бакчанын ачылышына онлайн форматта катышты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө билим берүү тармагына басым жасалып жатканын белгилеп, мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлгөнүн жана окуу китептеринин маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.
Ошондой эле МинКаб төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканына токтолду. Ал 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско чыгарылганын эске салып, окуучуларды билим алууга чакырды.