Кыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салынды

16.10.2026 | 12:33
Кыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салынды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн картошканы ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомду өлкөдө картошканы өндүрүүгө өнүктүрүү максатында Министрлер кабинети кабыл алды.

Тыюу салуу төмөнкү учурларга тиешелүү эмес:

  • жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтери бар транзиттик картошкага;
  • токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстанга жөнөтүлгөнү документ менен тастыкталган жүккө;
  • илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чаралар үчүн ташылып келинген картошкага.

Экономика жана коммерция министрлигине чечим тууралуу Дүйнөлүк соода уюму менен Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине маалымдоо тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн (16-октябрдан) тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми ташып келүүгө чектөө документ күчүнө киргенден кийин үч күндөн соң колдонула баштайт.

Scroll to Top