Октябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги буга чейин Кыргызстанга ак кумшекерди ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Чектөөнү жыл сайын октябрдан апрелге чейин киргизүү сунушталууда.
«Кант» агроөнөр жай кластери бул демилгенин себептерин кеңири түшүндүрүп берди.
Агрокластердин жана КР Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешинин аналитикалык маалымкатында айтылгандай, чектөөнүн башкы максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана кант кызылчасынын баасынын түшүп кетишинин алдын алуу.
Кант тармагынын негизги көйгөйлөрүнүн бири — өндүрүштүн жана керектөөнүн сезондуулугу (мезгилдүүлүгү) менен байланыштуу.
Тармактык адистердин баамында, Кыргызстанга жыл сайын болжол менен 120 миң тонна ак кумшекер керектелет. 2026–2027-жылдардагы сезондо 79 миң тонна өндүрүү пландалууда. Ал эми 2026-жылдын сентябрына карата заводдордо жана импорттоочуларда канттын запасы дагы 25 миң тоннаны түзгөн.
Ошентип, пландалган өндүрүштү эске алганда, жалпы көлөм болжол менен 104 миң тоннаны түзөт. Кластердин эсептөөлөрү боюнча, бул ички рынокту 2027-жылдын июль айынын ортосуна чейин камсыздоого жетет.
Маалымкатта ошондой эле эмне үчүн ар кандай булактарда кумшекерди керектөө көрсөткүчү 120 миңден 189 миң тоннага чейин айтылып жатканы түшүндүрүлгөн.
Алсак, 120 миң тонна — бул түздөн-түз ак кумшекерге болгон жылдык муктаждык, ал эми Улуттук статистика комитетинин 189 миң тонналык көрсөткүчүнө кондитердик азыктар да кирет.
Эмне үчүн импортту чектөө сунушталууда?
Кластердин маалыматы боюнча, кумшекерге болгон жылдык суроо-талаптын болжол менен 52%ы май–сентябрь айларына туура келет. Ошол эле учурда ата мекендик заводдор кант кызылчасын кайра иштетип, даяр продукцияны негизинен кантка суроо-талап эң төмөн болгон октябрдан январга чейин чыгарышат.
Бул мезгилде арзан импорттук кумшекер жергиликтүү продукция менен атаандашып, баанын арзандап кетишине алып келиши мүмкүн.
Маалымкатта белгиленгендей, баанын төмөндөшү өзгөчө дыйкандарга катуу сокку урат, анткени алар өстүргөн кызылчасы үчүн төлөмдүн басымдуу бөлүгүн кумшекер түрүндө алып, кийин аны өздөрү сатышат.
«Эгерде баалар кескин түшүп кетсе, аграрийлер кийинки жылы кант кызылчасынын аянтын кыскартып салышы мүмкүн. Натыйжада Кыргызстан импорттон ого бетер көз каранды болуп калат», — деп айтылат документте.
Кластердин маалыматына ылайык, 2026-жылы кант кызылчасы 10,6 миң гектар жерге себилген. Алдыдагы сезондо кумшекер өндүрүүнүн көлөмү ушул аянттардан алынган түшүмгө жараша болот.
Ошол эле учурда, 2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстан 76 миң тонна кумшекер импорттогон, бул бүтүндөй 2025-жылга караганда көп.
Кластерде импорттон толук баш тартуу жөнүндө эмес, кант кызылчасын кайра иштетүү мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү убактылуу коргоо тууралуу сөз болуп жатканын баса белгилешет. Май айынан сентябрга чейин кумшекерди ташып келүүгө эч кандай чектөөсүз уруксат берүү сунушталууда.
Тармакты колдоо үчүн кандай чаралар сунушталууда?
Импортту мезгилдик чектөөдөн тышкары, «Кант» агрокластери кумшекерди түздөн-түз дыйкандардын өзүнөн мамлекеттик сатып алууну уюштурууну сунуштайт.
Тактап айтканда, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ноябрь айынан февралга чейин жыл сайын 10дон 20 миң тоннага чейин кумшекер сатып алуу сунушталууда. Сунушталган баа — килограммына 70 сом.
Демилгенин авторлорунун пикиринде, бул дыйкандарга өндүрүлгөн шекерди сатууга жана суроо-талап аз болгон мезгилде кирешесин сактап калууга жардам берет.
Келечекте кант кызылчасынын айдоо аянтын 20–25 миң гектарга жана андан ары көбөйтүү, продукцияны сактоо маселелерин чечүү жана фермерлерди колдоону күчөтүү сунушталууда.
Негизги максат — 2030-жылга чейин Кыргызстанда кумшекер өндүрүшүн 150 миң тоннага жеткирүү.
Бул азык-түлүк коопсуздугу менен кандай байланышкан?
Кластерден сунушталган чаралар 2025–2030-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасына шайкеш келерин белгилешет.
Программа негизги тамак-аш азыктарын ата мекендик өндүрүүнү өнүктүрүүнү, дүйнөлүк баалардын өзгөрүүсүнөн болгон көз карандылыкты азайтууну жана кайра иштетүүчү ишканаларда кант кызылчасын кабыл алуу шарттарын жакшыртууну карайт.
Тармактык өкүлдөрдүн баамында, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айдоо аянттарын сактап калуу Кыргызстанга импорттук кумшекерден көз карандылыктын мындан ары өсүшүнө жол бербөөгө жардам берет.
Анара Мамытова