Кыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишти

15.10.2026 | 10:27
Кыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишти — Новости Кыргызстана

14-октябрда Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Казакстандын коргоо министри Айдос Мырзахметовдун эки тараптуу жолугушуусу өтүп, анда кыргыз-казак аскердик кызматташтыктын келечеги каралды. Бул тууралуу КРдин Коргоо министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Мукамбетов казакстандык кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын чыңдоо, аскер кадрларын даярдоо жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин карашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн коргоо министрлери 2027–2028-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишкен.

Scroll to Top