Бишкек мэриясы Баткен элине 1 млн сомдук жардам көрсөттү

Бишкек мэриясы Баткен элине 1 млн сомдук жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын мэриясы Баткен облусунда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баштаган өкүлдөр Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп, Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жакындан жардам көрсөтүп, 1 миллион сомдук жылуу кийимдер жана балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

Мындан тышкары вице-мэр Бишкек мэриясынын атынан жардам ирээтинде берилген 500 миң сомдук сертификатты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге тапшырды. Өз кезегинде облус жетекчиси Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Баткен элине кылып жаткан камкордугун жогору баалап, элдин абалына түшүнүү менен мамиле кылып жатканына ыраазычылык билдирди.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев мобилдик үйлөрдүн 13 даанасы берилген Достук айылында жашаган тургундардын абалы менен таанышып, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэринин демилгеси жана шаардын ишкерлеринин колдоосу менен 50 даана жылуу мобилдик үйлөр жасалып, Баткен районунун тургундарына берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>