Бишкек мэриясы көмүрдүн баасын көзөмөлдөйт

Бишкек мэриясы көмүрдүн баасын көзөмөлдөйт

Бишкекте көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, борбордун көмүр кампаларына мэриянын жетекчилиги жана Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги барган.

“Отун базаларында “Шабыркүл” жана “Кара-Жыра” маркасындагы казак көмүрү жана жалпы көлөмү 1000 тоннадан ашкан жергиликтүү “Кара-Кече” көмүрү бар. Казак көмүрүнүн баасы туруктуу жана тоннасы 4,5 миң сомду түзөт, жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4,9-5 миң сом болууда. Жергиликтүү көмүрдүн баасын шахтадан отун ташуу менен алектенген адамдар жасалма түрдө жогорулатып жатканы да жок эмес”, — деп билдиришти борбордук мекеменин басма сөз кызматы.

Мэрия бааны жасалма түрдө жогорулатуу маселесин тиешелүү укук коргоо органдары чечерин убада кылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>