Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек ШИИББинин жетекчилигинен бошотулуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындалган.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп, Бакыт Матмусаев бекитилген.