Бишкек—Ош унаа жолунда карды тосуучу тосмолор курулат

Бишкек—Ош унаа жолунда карды тосуучу тосмолор курулат

Япония Бишкек—Ош жолунда кар күрткүсүнөн коргоо үчүн 1 миллиард 33 миллион иен (болжол менен 7,5 миллион доллар) бөлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Таабылды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, гранттык каражат жолдун кооптуу тилкелерине кардан тосмолорду курууга жумшалат.

«Бишкек—Ош биздин негизги каттам, ал аркылуу жүк ташуулардын 95 пайызы өтөт. Биздин кызматкерлер жапон адистери менен бирдикте бул трассада 1,5 жылдан бери изилдөө иштерин жүргүзүп келишет. Биздин талдоо боюнча 2016-жылдан бери 65 жолу кардан улам жол жабылган. Жапон технологиясы менен тосмолор Төө-Ашуу ашуусундагы 125-129-чакырымдарга жана Ала-Белдеги 216-225-чакырымдарга курулат», — деди министрдин орун басары.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>