Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түштү. Асмандан тартылган видео

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түштү. Асмандан тартылган видео

Бүгүн, 18-февралда Бишкек – Ош жолунун 231-чакырымында кар көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкүнүн көлөмү 180 миң м3 түзгөн. Анын ичинен 14 миң 400 м3 унаа жолун тосуп калган.

Кар көчкү түшкөндөн кийин жерине атайын техникалар тартылып, учурда карды тазалоо иштери уланууда.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Токтогул районун «Арал» постунда жана Чүй облусунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, «Арал» постунда 350 жеңил унаа жана 100 оор жүк ташуучу унаа, «Сосновка» постунда 94 оор жүк ташуучу унаа жана 93 жеңил унаа кезек күтүп турат.

ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жайлар уюштурулуп, «Арал» постунда 300, ал эми «Сосновка» постунда 250 адамга тамак-аш берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>