Манасчы Дөөлөт Сыдыковго кылмыш иши козголгону кабарланды

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго кылмыш иши козголгону кабарланды

Былтыр Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков менен Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге «Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган активист Илгиз Шаменовдун «Фейсбуктагы» баракчасында жарыяланды.

Ал билдиргендей, кылмыш иштин козголушуна манасчы Дөөлөт Сыдыков, ишкер Эмил Жайчиев, активисттер Орозайым Нарматова, Тилекмат Куренов жана Шаменовдун Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камоолор болгондон кийин, кармалгандарды кое берүү талабы айтылган видеокайрылуу себеп болгон.

«Эми издөөгө бергени жатканын, тергөөнүн жетекчиси Жапеков (Улан Жапеков — ред.) айтты. Мен өзүм да тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур. Кыскасы. тергөөчүнүн ою боюнча, биз бешөөбүз Москвада жатып алып, бийликти басып алмак экенбиз», — деп жазды ал.

Эмил Жайчиев

Эскерте кетсек, былтыр манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас айылынын» айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен.

Сыдыков өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айтып, «Манас айылы» этнографиялык комплексинин директору кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген болчу.

Кийинчерээк Дөөлөт Сыдыков өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>