Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан эки адам каза болду
15.10.2019 | 10:30
Бишкек-Ош автожолунун 155-чакырымында “Хонда-Степ” жана “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки киши набыт болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, каза болгондордон сырткары дагы 5 адам ар кандай жаракат алган.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылып, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине, жабыркагандарды “Тез жардам” аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жиберишкен.
Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.
Буга чейин жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 киши каза болдгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов парламент жыйынында айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар