Баткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулууда

Баткен районунун Чек айылында ичүүчү суу менен камсыздоонун жаңы системасы курулууда. Ал 5 миңден ашык тургунду суу менен камсыздайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иштер Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурдагы суу түтүгү 1972-жылы курулган. Ал катуу эскирип, сапаттуу суунун үзгүлтүксүз берилишин камсыздай албай келет.
Долбоордун алкагында ар бири 700 куб метр көлөмдөгү таза суу сактоочу эки резервуар курулуп, 35 чакырымдан ашык суу түтүк тармагы тартылат. Бул суу менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, аварияларды жана суунун жоготууларын азайтат.
Жаңы суу түтүгү айылдагы социалдык объектилерди да суу менен камсыздайт. Алардын катарына эки орто мектеп, эки бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, маданият үйү, спорт зал, айыл өкмөтүнүн имараты жана төрт мечит кирет.
Курулуш 2026-жылдын июль айында башталган. Аны 2028-жылдын биринчи чейрегинде бүтүрүү пландалууда.