«Кыргызсериал» сценарийлер сынагын жарыялады. Катышуу шарттары кандай?Кыргызстанда космос тармагын 2031-жылга чейин өнүктүрүү программасы иштелип чыктыКыргыз тили жана география мугалимдерине 6 миң «Алтын Казык» ноутбугу берилетАлимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталуудаСентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулганКыргызстанда атаандаштыктын бузулушу боюнча арыздарды жаңы эрежелер менен кароо сунушталууда
Бишкек шаарында жашоо минимумунун орточо көрсөткүчү аныкталды
05.07.2022 | 20:39
2022-жылдын биринчи кварталында Бишкек шаарында жашоо минимумунун орточо көрсөткүчү киши башына 6854,37 сомду түздү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми борбор калаанын жашоочуларынын номиналдык орточо айлык акысы январдан мартка чейин мэриянын маалыматы боюнча 26,5 миң сомду түздү.
Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жашоо минимумунун өлчөмү 16,3%га, ал эми номиналдык эмгек акы 10,5%га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар