Бишкектин бюджетине жыл башынан бери канча каражат түштү?

Бишкектин бюджетине жыл башынан бери канча каражат түштү?

Бишкек шаарынын бюджетине 2022-жылдын январь айынан апрель айына чейин 3 миллиард 910 миллион 6 миң сом түшүп, план 102,1 пайызга аткарылган. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, бюджетке пландан тышкары 80 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

“Жергиликтүү кирешелердин көлөмүндө негизги орунду салыктык кирешелер ээлейт, алардын иш жүзүндө түшүүсү 3 миллиард 555 миллион сомду же 117,6% ды түздү, план 531 миллион сомго ашыкча аткарылды.

2022-жылдын январынан апрелге чейин Бишкек шаарында негизги капиталга 6 миллиард 858 миллион 200 миң сом инвестиция өздөштүрүлгөн, бул 35,5-жылдын ушул мезгилине караганда 2021% га көп”,  -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 7 миллиард 454 миллион 4 миң сомду түздү. 2022-жылдын январь-мартында номиналдык орточо айлык эмгек акы 26 496,2 сомду түздү жана 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5% га көбөйдү.

Бишкек шаарында жашоо минимуму калктын жан башына орточо алганда 2022-жылдын үч кварталында 6 854,31 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 16,3% га көбөйдү.

Тэги: мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>