Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толду

Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толду

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толду. Бишкек шаарынын күнү менен президент Садыр Жапаров борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады.

Мамлекет башчы шаар күнүнө карата борбор калаанын атын алып жүргөн  Бишкек баатырдын айкели орнотулганын белгиледи.

Борборубуз — өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени, кыргызстандыктар үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин  булагы  болуп саналат.

Жаңы рынок шартында, шаар жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында  жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат, — деди президент.

Садыр Жапаров  ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл экенин айтты.

Бул үчүн биз баарыбыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Бишкек — бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз, — деп белгиледи мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Бишкек баатырдын эстелиги 14-апрелде ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан. Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде тургузулган.

Тарыхта «бишкек» жыгачтан жасалган буюм, кымыз аралаштыргыч таяк экендиги айтылат. Дагы бир уламыштарга таянсак, Бишкек баатырдын энесинин толгоосу сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>