Кочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылдыКыргызстан 2040-жылга чейин айыл чарба чийки затын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүүнү пландаштыруудаЖарандар өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча бүтүмдөргө тыюу сала алышатБишкекте «Energy Expo 2026» эл аралык энергетикалык көргөзмөсү өтөтЧолпон-Атадагы ат майданы капиталдык оңдоодон өтүүдөСоң-Көлдөн сегиз чакырымга созулган браконьердик тор чыгарылды
Бишкек ШИИБдин пара менен кармалган кызматкери камакка алынды
16.12.2019 | 10:13
Бишкек шаардык милициясынын пара менен кармалган кызматкери тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирет.
Мекеменин маалыматына караганда, шектүү 12-декбарь күнү 30 миң сом пара алып жатканда кармалган. Ал жарандан жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп, 1000 доллар пара талап кылган.
14-декбарда шектүүнүн баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, аны тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Шектүүнүн үстүнөн арыз жазган мурда жол кырсыгынын күнөөкөрү болгон. Бирок ал жабырлануучунун дарылануусуна кеткен чыгымды толугу менен төлөп бериген. Жабырлануучу кийин тосмо арыз жазганына карабай, милиция кызматкери ишти сотко өткөрөбүз деп пара талап кылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар