Соң-Көлдөн сегиз чакырымга созулган браконьердик тор чыгарылды

Соң-Көлдө экологдор менен милициянын биргелешкен рейдинин жүрүшүндө мыйзамсыз коюлган 8 000 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынды. Акваторияны тазалоо иштерин «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Ак-Талаа жана Жумгал райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн (ИИБ) кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүштү.
Бул иш-чаралар биологиялык ресурстарды коргоого жана уникалдуу бийик тоолуу көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган. Браконьерлер таштап кеткен желим (пластик) торлор көлдүн фаунасына олуттуу зыян келтирип, балыктардын кырылышына жана суунун полимерлердин чирүү калдыктары менен булганышына алып келет.
КР Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо иштери пландуу түрдө улантылууда. Күч түзүмдөрү жана экологдор жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн мындай биргелешкен рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп турууну көздөшүүдө.