Бишкек ышына каршы өзгөчө комиссия түзүлдү

Бишкек ышына каршы өзгөчө комиссия түзүлдү

Министрлер кабинети абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түздү. Бул туурасында аталган мекеме расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка караганда, мекемелер аралык өзгөчө комиссия Бишкек шаарындагы абанын булганышын иликтеп, жарандардын ден соолугун сактоо боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алат.

Министрлер кабинети жарандардын, айрыкча балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт оорусу бар адамдардын ден соолугун абанын булгануусунан коргоо боюнча максималдуу чараларды көрүүнү убадалады.

Өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирген. Аларга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жетекчи болуп бекитилди.

15-ноябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>