Бишкек мэриясы Жапониядан муздак асфальт технологиясын үйрөнөт

Бишкек мэриясы Жапониядан муздак асфальт технологиясын үйрөнөт

Бишкек шаардык мэриясында мэрдин орун басары Мурат Осмонов менен «IKEE Group» компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, жолугушууга компаниянын башкы директору Нишияма Шю, ошондой эле «JDI» компаниясынын өкүлдөрү Хадцукадэ Цумио жана Кусама Кенжи катышты.

Жолугушууда жапон тарап Бишкекке болгон иш сапарынын максаттары менен бөлүшүп, өз продукциясын (муздак асфальт технология) тааныштырды. Ошону менен бирге компаниянын өкүлдөрү кызматташуу пландары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду каржылоонун варианттарынын бири JICA эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинин механизмдери экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Мэрия жапон тарапка өндүрүш ишканалары менен таанышуу максатында курулуп жаткан асфальт-бетон заводуна жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын чарба базасына барууну сунуштады.

Мурат Осмонов кызматташуунун форматын, каржылоо моделин аныктоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле тез арада конкреттүү тапшырмаларды, мөөнөттөрдү белгилеп, долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>