«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «А» компаниясы 2024-жылдын октябрынан бери демөөрчү катары Бишкектеги сейил бакта көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан. Учурдан пайдаланып «Бишкек жашыл курулуштун» жооптуу кызматкерлери ишканадан акча чыгарып кетүүнү максат кылган. Алар оңдоп-түзөө жүрүп жаткан сейил бакта көрктөндүрүү иштерин жасай тургун компанияны аныктоо үчүн 14 млн 536,7 миң сомго формалдуу тендер жарыялаган. План боюнча, алар тендерди «А» компаниясы утту деп көрсөтүп, акчаны өздөрү алып алмак.
Бирок алар көздөгөнүнө жетпей, тендерде «З» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок сейил бактагы иштерди «А» компаниясы аткарып жаткандыктан, «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын кызматкерлери тендерди уткан компания менен келишимди атайылап жокко чыгарган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.