Караколдо турист такси айдоочусуна даттанды: айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды

Чет элдик туристтин социалдык тармактагы билдирүүсүнөн кийин Караколдо лицензиясы жок жеке извоз менен алектенген айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2-сентябрда Dennis Hsu аттуу Facebook колдонуучусу такси айдоочусу тарабынан алданганы тууралуу маалымат жарыялаган. Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады.
Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери турист жарыялаган сүрөттөгү автоунааны аныкташкан. Анын айдоочусу 1992-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Т. Б. экендиги белгилүү болду. Ал такси кызматын көрсөтүүгө тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөн.
Ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренеси («Лицензиясыз ишкердик жүргүзүү») боюнча протокол түзүлдү. Айдоочуга 7,5 миң сом айып пул салынып, автоунаа айып короого токтотулду.
Тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.
Турист эмнелерди айтып берди?
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу 1-сентябрда саат 11:00 чамасында Караколдогу автовокзалдан бир айдоочу менен Нарынга 12 миң сомго барууну сүйлөшкөнүн билдирген.
Туристтин айтымында, ал эки чоң рюкзагы болгондуктан жана маршруткада кысылгысы келбегендиктен жеке трансферди тандаган. Бирок, чет элдик жарандын ырасташынча, жолдон айдоочу башка жүргүнчүлөрдү ала баштаган.
Сапар башталгандан 10 мүнөттөн кийин айдоочу май куюучу жайдан жол акысын толук төлөөнү сураган. Турист алгач 6 миң сом берип, калганын Нарынга жеткенде берүүнү каалаган, бирок тил тоскоолдугунан улам макулдаша албай калышкан. Жыйынтыгында ал 12 миң сомдун баарын берген.
«Кийинчерээк ал башка жүргүнчү менен бирге менин котормочу тиркемемди колдонуп: „Биз андай жаман эмеспиз, тынчсызданба“ деп айтты. Жыйынтыгында мен ага 12 000 сомдун баарын бердим — бул менин эң чоң катачылыгым болду», — деп жазган турист.
Балыкчыдан маршруткага отургузуп койгон
Чет элдик жарандын айтымында, бир нече сааттан кийин унаа Балыкчынын автовокзалына келип, 40 мүнөттөй турган. Айдоочу дөңгөлөгү жарылып калганын жана Нарынга чейин бара албай турганын билдирген.
Андан кийин туристти Нарынга бараткан маршруткага отургузуп коюшкан. Такси айдоочусу анын жол акысын төлөп койгонун айткан, бирок алган 12 миң сомдун бир бөлүгүн кайтарып берген эмес.
Турист тил тоскоолдугунан улам болуп жаткан окуяны дароо түшүнбөй калганын жана акчаны кайтарып алуу маселесин ошол жерден чече албаганын белгиледи.
«Ал жөн гана колумду кысып, кетип калды. Ал учурда мен абдан баш аламан болуп, чарчап тургандыктан, акчаны кайтарып алууну унутуп калыптырмын», — деп жазган ал.
Тогуз сааттык жол
Маршрутка менен үч саат жүргөндөн кийин чет элдик жаран Нарынга болжол менен саат 20:30да жеткен. Ошентип, Караколдон жол тогуз саатка созулган.
Турист 12 миң сомду так ушул кызмат үчүн төлөгөндүктөн, акыркы чекитке чейин жеке трансфер менен барууну күткөнүн билдирди. Ал дөңгөлөктүн жарылышы күтүүсүз болушу мүмкүн экенин моюнга алды, бирок мындай учурда айдоочу акчанын бир бөлүгүн кайтарып бериши же башка жеке унаа уюштуруп бериши керек болчу деп эсептейт.
«Сен мени көздөгөн жериме жеткире албагандан кийин, жок дегенде 5 000 сомду кайтарып беришиң керек беле? Анын үстүнө сен мени маршруткага эмес, башка жеке таксиге отургузушуң керек болчу», — деп жазган ал.
Бул билдирүүдөн кийин окуя укук коргоо органдарынын көңүлүн бурду. Милиция окуянын чоо-жайын текшерүүнү улантууда.