Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкек ЖЭБинде авария болду
29.10.2020 | 14:51
Бүгүн, 29-октябрда Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) системдик авария болду. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингдин» басма сөз кызматынан билдиришти.
“Жогорку чыңалуудагы тармактарында болгон авариянын улануусун токтотуу үчүн коргоо системи ишке кирген. Интернетте тарап жаткан буу жылуулук казандарынан чыгып жаткан буу.Бул казан агрегаттары иштен чыкпоо үчүн жасалган. Учурда жогорку чыңалуудагы системдик авариянын себептери такталууда”, – деп жазылат энергохолдингдин маалыматында.
Белгилей кетсек, мурдараак Бишкектин бир топ аймагында электр жарыгы өчүп, кайра күйдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом