Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди

Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

«Белгилей кетсек, борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келинсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары «Бишкексуучарба» ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Атайын техникалар «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык», ошондой эле «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканалары үчүн алынган.

Алынган «жаңы техникалардын» арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсинератор жана башкалар бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>