Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык кайтып келди
03.07.2020 | 09:30
«Манас» эл аралык аэропортунда 2-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Анда Кыргызстанга Бангладештен 103 жаран кайтып келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Аталган авиакаттам менен ошондой эле Бангладештен Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары чыгарылды. Эми аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтып баруу үчүн транзиттик коридор уюштурулат.
Чет мамлекеттерде калып жаткан жана Мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом