Экономика министрлиги Орто коридордун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди

24.09.2026 | 10:17
В Минэкономики рассказали об инвестиционном потенциале Среднего коридора — Новости Кыргызстана

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Орто коридор боюндагы өз ара байланыш, каржылоо жана энергетика» аттуу сегизинчи Каспий бизнес-форумуна катышты.

Форумда министр Орто коридордун Азия менен Европанын ортосундагы экономикалык көпүрө катары маанисин белгиледи. Бул каттамды өнүктүрүү соода-сатык, инвестиция тартуу, энергетика тармагындагы кызматташтык жана аймактык байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бакыт Сыдыков «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун мындан ары өнүктүрүүгө жана аны башка аймактык транспорттук каттамдар менен интеграциялоого өзгөчө көңүл бурду. Ал чек ара жана бажы жол-жоболорун өркүндөтүүнүн, соода процесстерин санариптештирүүнүн жана бирдиктүү аймактык логистикалык тутумду калыптандыруунун зарылдыгын белгиледи.

Министр ошондой эле Орто коридорду жөн гана транзиттик каттам катары эмес, инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана региондун өлкөлөрүнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү куралы катары караш керек экендигин баса белгиледи.

Scroll to Top