Депутат «Электр станциялары» ААКны Кара-Көлдөн Бишкекке көчүрбөөнү суранды

24.09.2026 | 11:01
Депутат «Электр станциялары» ААКны Кара-Көлдөн Бишкекке көчүрбөөнү суранды — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Райимберди Дүйшөнбиев «Электр станциялары» ААКны Кара-Көл шаарынан кайра Бишкекке көчүрүү планынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 24-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компаниянын Бишкекке көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат Кара-Көл шаарынын тургундарын тынчсыздандырууда. Учурда «Электр станциялары» ААКнын Кара-Көлдөгү башкы кеңсесинде 150гө жакын жергиликтүү энергетик эмгектенет.

Дүйшөнбиев компания 2023-жылы Бишкектен Кара-Көлгө көчүрүлгөнүн эске салды. Анын пикиринде, бул туура чечимдердин бири болгон, анткени ишкананын негизги стратегиялык объектилери ушул аймакта жайгашкан.

Депутаттын айтымында, башкы кеңсени кайра Бишкекке көчүрүү Кара-Көлдүн бюджетине жана социалдык объектилерине гана эмес, энергетика тармагындагы тажрыйбалуу адистердин шаарда сакталып калышына да таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Кара-Көл жөн гана шаар эмес, бул — энергетиктердин шаары. Кара-Көлдөгү энергетикалык кадрдык потенциалды сактоо бир гана шаардын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын энергетикалык кызыкчылыгы», — деди Дүйшөнбиев.

Ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулуш этабы башталууга жакындап жатканын белгилеп, мындай шартта энергетика тармагындагы адистерди стратегиялык объектилерден алыстатпай, тескерисинче, аларга жакындатуу зарыл экенин айтты.

Депутат бул маселе Кара-Көл шаарынын тургундары менен июль айында болгон жолугушууда да көтөрүлгөнүн билдирди. Жакында шаар тургундары жана энергетиктер ага кайрадан кат менен кайрылышкан.

Дүйшөнбиев Энергетика министрлигинде компанияны Бишкекке көчүрүү планы бар-жогун тактоону өтүндү. Эгер мындай план болсо, андан баш тартууга чакырды. Ошондой эле ал 2023-жылы компанияны Кара-Көлгө көчүрүүгө канча каражат жумшалганын жана чечим кандай эсептөөлөрдүн негизинде кабыл алынганын тактоону сунуштады.

Scroll to Top