Бишкекке Башкыртстандан 50 медкызматкер жардамга келди

Бишкекке Башкыртстандан 50 медкызматкер жардамга келди

Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду.

Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. COVID-19га каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет.

Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштери айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Орусиядан 120 медкызматкер келген.

Жазында коронавируска каршы иш тажрыйбасы менен Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер бөлүшүп кетишкен.

18-марттан 23-июлга чейин өлкөдө жалпы 30 миң 326 адам коронавирус жуктуруп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>