Жалал-Абадда 3,6 млн сомдук арактын мыйзамсыз сатылышына бөгөт коюлду

Жалал-Абадда 3,6 млн сомдук арактын мыйзамсыз сатылышына бөгөт коюлду

Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан 3,6 миллион сомдук спирт ичимдиктери табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган спирт ичимдиктери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы текшерүү иш-чарасынын жүрүшүндө табылган. Анда текшерүүчү кызматкерлер күмөндүү акциздик маркалар, идиштин көлөмүнө туура келбеген акциздик маркалар менен, ошондой эле тийиштүү документтери жок алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныкташкан.

Жалпысынан 3,6 млн сом суммасындагы 42 миң 208 бөтөлкө алкоголдук продукция тартылып алынган. Анын ичинде алкоголду дүң сатуу боюнча лицензияланган кампалардан «Лига Трейд» ЖЧКдан 1,1 млн сом суммасында 10 миң 171 бөтөлкө, «Серебром» ЖЧКсынан 2,5 млн. сомго 32 миң 37 бөтөлкө алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>