Бишкекке Екатеринбургдан 223 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 223 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда 23-июлда «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Анда 223 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Жаңы Уренгойдо жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал авиа каттамдары» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>