Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Бишкекке жаңы автобустар 15-декабрга чейин келет, – мэр
23.11.2022 | 12:45
Бишкек шаарына 15-декабрга чейин жаңы 120 автобус келет. Бул тууралуу 23-ноябрда маалымат жыйында мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет.
“Жаңы автобустар экологиялык жактан таза, газ менен жүрөт, жапыз, узундугу 10,5 метр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн”, – деди мэр.
Автобустарды алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар