Кыргызстанда 3,6 миңден ашык адамдан кызамык аныкталды

Кыргызстанда 3,6 миңден ашык адамдан кызамык аныкталды

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 3 миң 618 учур аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, эң көп (1 миң 76) Бишкек, Ош (695), Жалал-Абад (650) жана Чүй (562) облустарында катталган.

Ошто 333, Баткен облусунда 96, Талас облусунда 95, Ысык-Көл облусунда 72, Нарын облусунда 39 учур катталды.

Алардын басымдуу көпчүлүгү — 88 пайызы — 10 жашка чейинки балдар. Ооругандардын 87 пайызы же 3 миң 140 адам ар кандай себептер менен кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

Вирустун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, аларда уюшкан топтордогу эмдөөдөн өтпөгөн балдардан жуккан.

Кызамык оорусунун алдын алуу үчүн тогуз айдан жети жашка чейинки балдарга кошумча эмдөө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмдөөдөн өтүшөт.

Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда.

Жуктурууну токтотуу үчүн эмдөө 95 пайыздан ашуусу керек. Кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында 462 миң 692 бала вакцина алып, 77 пайызды түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: кызамык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>