Бишкекте рак илдетин жеңген балдар жөнүндө фото көргөзмө ачылатТүштүк аймактагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорго кол коюлдуТаласта катуу шамалдан имараттардын чатырлары учуп, унаалар жабыркадыОш шаары ЕӨРБдөн 46 электробус сатып алууга насыя алатМиграция министрлиги: 1-июлдан тарта Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө киретБишкек — Балыкчы поездинин жүргүнчүлөрү үчүн жол үстүндө этно-көрсөтүү уюштурулду — сүрөт
Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү – видео
14.01.2023 | 11:39
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-январда саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.
«Мекеменин ичинен тарбиячылары жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып,толук саат 23:08 өчүрүлдү», – деп айтылат маалыматта.
Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар