Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Бишкекте 11 жоокерден кургак учук аныкталды
15.03.2021 | 13:21
Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, оору жугузуп алгандар Бишкек шаарындагы №97632 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокерлер. Алар Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы ооруканада зарыл дарылануудан өтүшөт.
Ал эми факты боюнча Коргоо иштери мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык башкармалыгы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун болжолдуу булагын аныктаган.
Учурда оорунун жайылышын алдын алуу үчүн өздүк курам рентгенге тартылган. Окуянын жагдайын жана оорунун келип чыгуу себебин аныктоо максатында кызматтык иликтөө башталганы кабарланды.