Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти

28.08.2026 | 11:14
Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти — Новости Кыргызстана

Непалдагы ири суу ташкыны жана жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 469 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен жергиликтүү Ratopati басылмасы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук борбордун (NEOC) маалыматы боюнча, дагы 977 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

Каза болгондордун көбү Читванда табылган — 178 адам. Чыгыш Навалпарасиде табият кырсыгынан 110 адам, Горкхеде — 44, Нувакотто — 37, Дхадингде — 33, Танахунда — 28, Батыш Навалпарасиде — 27 адам курман болду. Расувада 12 адамдын сөөгү табылды.

Кеминде 73 адам жабыркап, куткаруучулар 3 миң 253 адамды коопсуз жайга чыгарууга (эвакуациялоого) жетишти. Дайынсыз жоголгондордун басымдуу бөлүгүн чет элдик жарандар түзөт — 517 адам.

Издөө-куткаруу иштерине жана табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 9,4 миңден ашуун аскер кызматкери жана полиция кызматкерлери, ошондой эле 15 тик учак тартылган.

Колдо бар маалыматтарга ылайык, 25-августта Лангтанг-Лирунг тоосунун түндүк капталындагы мөңгүнүн бир бөлүгүнүн кулашы селге себеп болгон. Муз массасы Лхенде-Кхола дарыясынын капчыгайына кулап, анын нугун тосуп калган.

Натыйжада каскаддык эффекттин кесепетинен табият кырсыгы дагы үч дарыяга таасирин тийгизген.

Теги: Непал
Scroll to Top