Түтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты
Бишкекте $12 миң салынган сумкасын жоготкон жаранга акчасы кайтарылды (видео)
02.12.2024 | 14:17
Бишкекте 12 миң доллар салынган сумкасын “Унаа” мекемесинин бөлүмүндө калтырып кеткен жаранга акчасы кайтарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Окуя 28-ноябрда болгон. Бир жаран унаасын сатып, акчаны сумкасына салып, бирок аны күтүү залында унутуп кетип калган. Сумканы бир киши көрүп калып, мекеменин кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми кызматкерлер сумканын ээсин издеп таап, акчасын кайтарган.
“Унаа” мекемеси кайдыгер карабай, жоголгон сумканы алардын кызматкерине кайтарып берген жаранга ыразычылык билдирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом