Расмий түшүндүрмөлөрдү күткүлө». Эдуард Кубатов Пионер чокусунун аталышын өзгөртүү тууралуу

24.08.2026 | 13:30
Расмий түшүндүрмөлөрдү күткүлө». Эдуард Кубатов Пионер чокусунун аталышын өзгөртүү тууралуу — Новости Кыргызстана

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов Reporter.kg сайтына Пионер чокусунун аталышын ШКУ чокусу деп өзгөртүү боюнча маалыматка комментарий берүүдөн баш тартып, расмий түшүндүрмөлөрдү күтүүгө чакырды.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисине таянуу менен, «Ала-Арча» жаратылыш паркында жайгашкан Пионер чокусуна ШКУ чокусу деген жаңы аталыш берилди деген маалымат жарыяланган.

Чокунун аталышы Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата өзгөртүлгөнү кабарланган. Ошондой эле басылмаларда Кубатовдун «ШКУ аймакта тынчтыкты орнотууга чоң салым кошкон» деген сөздөрү келтирилген. Бул маалымат социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында ар кандай (ача) пикирлерди жаратты.

Reporter.kg’нин кабарчысы комментарий алуу үчүн Э.Кубатовго кайрылган. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы расмий маалыматты күтүү керектигин билдирди.

«Расмий түшүндүрмөлөрдү күтүү керек. Жакынкы убакта бул маселе боюнча расмий маалымат берилет», — деди ал.

Кабарчынын «буга чейин эле ЖМКларда сизге шилтеме берилген маалымат чыгып кетти го» деген тактоосуна Кубатов: «Расмий түшүндүрмөлөрдү күткүлө, макулбу? Күтө тургула…» — деп жооп берди.

Эскерте кетсек, Пионер чокусу — Бишкек шаарына жакын Ала-Арча капчыгайында жайгашкан, бийиктиги болжол менен 4050 метрди түзгөн тоо чокусу.

Анара Мамытова

Scroll to Top