Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качкан жигит кармалды

23.12.2019 | 17:34

Бишкек шаардык милициясы кыз ала качууга шектелген адамды кармады. Бул тууралу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү Ленин райондук милициясына С.К. аттуу кыз кайрылып, ошол эле күнү саат 18:30 чамасында аны Тыналиев көчөсүндөгү үйүнүн жанынан “Дэу Неския” унаасы менен ала качкан белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

 Бул факты Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бул ишке шектүү катары 1997-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында, тергөө иштери жүрүп жатат.

Scroll to Top