Бишкекте 19 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды

Бишкекте 19 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды

Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-февралда “Притон-Көпөлөк” жана “Терминал” аталышындагы профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканда, Матыев көчөсүнөн белгисиз жарандын жүрүм-туруму милициянын ыкчам кызматкерлеринин көңүлүн бурган. Мындан улам алар бул тууралуу Ленин райондук милициянын нөөмөтүнө кабарлаган.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Жерине барган милиция кызматкерлери 2005-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды кармап, ал милицияга өз ыктыяры менен электр зымын орогон тасмага оролгон белгисиз затты өткөрүп берген. Андан тышкары ушундай эле заттар катылган 24 жерди көрсөткөн. Ал жердеги заттар алынып, тиешелүү экспертиза жасалган. Анын жыйынтыгы алынган заттар «Альфа-PVR» баңгизаты экенин көрсөткөн (салмагы 0,593 грамм).

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган жигит убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>