Ташиев: Кыргыз тилин билбеген, туугандары уюшкан топко аралашкандар сот болуп иштей албайт

Ташиев: Кыргыз тилин билбеген, туугандары уюшкан топко аралашкандар сот болуп иштей албайт

Мамлекеттик тилди ортоңку деңгээлде (В1) билбегендер сот болуп иштей албайт. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүдө айтылат.

Ага ылайык соттор расмий жана мамлекеттик тилди жеткиликтүү билиши шарт.

Шайырбек Ташиев соттук жараяндар орус тилинде жүргүзүлүп, жарандар өз укугун коргоо үчүн котормочу алууга аргасыз болуп жатканын белгилейт.

“Судья  расмий тилде жооп берүүнү же котормочу алууну талап кылган учурлар кездешет. Кыргыз элинин басымдуу бɵлүгү айылдарда жашагандыктан алар расмий тилди жакшы билбейт”, — дейт депутат.

Андыктан мындан ары сотторго төмөнкү талаптар киргизилет:

  • В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • талапкердин жана талапкердин жакын туугандарынын соттолгондугу жоктугу же белгиленген тартипте тындырылгандыгы жөнүндө жокко чыгарылган маалымкат.

Жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлɵрү деп мыйзамдуу тартипте таанылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо, анда ал судья болуп дайындалбайт.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр шайланган же иштеп жаткан судьяларга тиешелүү эмес.

Белгилей кетсек, В1 деңгээли 3 миң активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөздөрдү камтыйт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>