Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте 2-апрелде велосезондун ачылышы болот
28.03.2023 | 09:00
Бишкекте 2-апрелде быйылкы жылдын велосезонунун ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, веложүрүш “Ала-Тоо” аянты – Д. Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багы маршруту боюнча өтөт.
Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан саат 9:00дө веложүрүшкө чыгып, ал Д. Асанов атындагы сейил багында саат 10:30да жыйынтыкталат.
Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, Велоfriends позитив KG бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурат.
Веложарыштан кийин сынактар өткөрүлүп, байгелер берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз