Бишкекте сойкукана уюштурууга шектүү аял кармалды

Бишкекте сойкукана уюштурууга шектүү аял кармалды

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери сойкулукка көмөктөшкөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жунусалиева көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеп, көп убакыттан бери сойкулук менен алектенип, аны уюштуруп, кармап келе жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан түшкөн төлөмдүн 30% өлчөм акчасын алат.

Чогулган материалдардын негизинде Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында укук коргоо органдары тарабынан аялдын кылмыштуу аракетинин бетин ачуу максатында тергөө-ыкчам мүнөздөгү комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгы менен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Р.Э. аттуу аял кармалган.  Бардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин, аял ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>