Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Бишкекте 2-сентябрда жарык каяктарда өчүрүлөт — көчөлөрдүн тизмеси
01.09.2026 | 17:50

Энергетиктер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу иштерин жүргүзүшөт — 2-сентябрда Бишкектин бир нече районунда жана чет жакаларында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Батыш РЭСи боюнча саат 9:00дөн 16:00гө чейин Лев Толстой көчөсүндөгү №2 турак үйдө электр жарыгы болбойт — ал жерде ГРЩ жана РЩ-0,4 кВ жабдуулары оңдолот.
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин ушул эле РЭСе төмөнкү аймактарда өчүрүүлөр болот:
- «Ак-Ордо» конушу (Бурана, Ак-Ордо көчөлөрү) — СИП-2 зымдарын монтаждоо;
- Литвинов, Осташков, Пишпек, Ортоңку, Димитров, Кенсуй көчөлөрүнүн тилкелери — 6 кВ кабелдик чыгуусун төшөө жана монтаждоо;
- Сухомлинов, Целинная, Табалдиев, Суу өткөргүч, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн тилкелери — 6 кВ кабелдик чыгуусун монтаждоо үчүн траншея казуу;
- «Ак-Ордо» конушу (Алтын-Байрак, Кара-Шоро, Бакдөөлөт, Каркыра, Ак-Ак, Садыр-Аке көчөлөрү) — жабдууларды капиталдык оңдоо жана кубаттуулук трансформаторун өлчөө.
Түндүк РЭСи боюнча саат 9:00дөн 17:00гө чейин жарык болбой турган аймактар:
- Түлөбердиев, Можайский, Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн тилкелери, Витебск жана Снегиревский көчөлөрү — бутактарды кыркуу жана жыгач мамыларды демонтаждоо;
- Ильмен көчөсү, №64 А, Б үйлөрү — жабдууларды техникалык тейлөө.
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Пригородное айылында (Ынтымак, Новая көчөлөрү) өчүрүү болот — ал жерде СИП-2 зымдары монтаждалат.
Аламүдүн РЭСи боюнча саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы болбой турган аймактар:
- Карл Маркс айылы (Пушкин, Фабричная көчөлөрү, 22-переезд) — КТПнын корпусун тазалоо жана сырдоо;
- Васильевка айылы (Верхняя, Солто-Ата, Комсомольская көчөлөрү, Участок) — жаңы абоненттерди кошуу;
- Көк-Жар айылы (Эгимбаев, Бишкек көчөлөрү) — КТПнын корпусун тазалоо, сырдоо жана диспетчердик аталыштарды жаңыртуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом