Ат чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып берди

01.09.2026 | 17:57
Ат чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып бе

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 109 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган пресс-конференция учурунда билдирди.

Ал Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Президент Садыр Жапаровдун, мамлекет жана өкмөт башчыларынын, ошондой эле чет элдик жогорку даражалуу делегациялардын катышуусунда өткөнүн эске салды.

Негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар Ысык-Көлдө 6-сентябрга чейин уланат.

Маматкановдун айтымында, 2014-жылы Кыргызстанда өткөн алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Быйыл катышуучулардын географиясы 109 өлкөгө чейин кеңейди.

Этноспорттун 42 түрү

Спортук программага этноспорттун 42 түрү киргизилген. Анын ичине ат оюндары, күрөштүн ар кандай түрлөрү, интеллектуалдык таймаштар жана көчмөндөрдүн салттуу аңчылык өнөрүнө байланышкан мелдештер кирди.

Спортук мелдештерге 3 миңге жакын спорттук делегациянын өкүлдөрү катышууда.

800дөн ашык маданий иш-чара

Маданий программага катышуу үчүн 65 мамлекеттен 430дан ашык чыгармачыл топтун өкүлдөрү жана катышуучулар катталган.

Алты күндүн ичинде 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүү пландалууда.

Илимий программа «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» эл аралык конференциясын камтыйт. Ага 28 мамлекеттен 160тан ашык окумуштуу жана эксперт катышат.

Сегиз негизги локация

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусунун сегиз аянтчасында өтөт.

Чолпон-Атадагы ат майданда ат чабыштын беш түрү боюнча мелдештер, «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этнофестивалы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт.

Жаңы көк бөрү аренасында көк бөрү, көкпар, эр эңиш жана тыйын эңмей боюнча мелдештер өткөрүлөт. «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн 14 түрү боюнча мелдештер пландалган.

«Рух Ордо» маданий борборунда «Көчмөн санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.

«Дордой-Номад» маданий-этнографиялык борборунда NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы уюштурулат.

Эң ири аянтчалардын бири — Кырчын жайлоосу, бул жерде «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасы түзүлгөн. Ал жерде жүздөгөн боз үйлөр, улуттук ордолор, этнобазар жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери иштейт, ошондой эле улуттук жана дүйнөлүк ашканалар сунушталат. Ушул эле аянтчада эл аралык айтыштар, улуттук оюндар жана башка маданий иш-чаралар өтөт.

Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору илимий программанын негизги аянтчасы болот. Ал жерде эл аралык илимий-практикалык конференция жана ArtLab чыгармачыл лабораториясынын иш-чаралары өткөрүлөт.

«Евразия» эс алуу борборунда интеллектуалдык спорт түрлөрү — тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча мелдештер өтөт.

Ошондой эле Маматкановдун айтымында, Оюндарга даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосуна алып баруучу жалпы узундугу 35 чакырым болгон Семеновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Көл-Кашка-Суу жолдоруна асфальт төшөлүп, көпүрөлөр салынды.

Кырчын жолдорунда тыгындарды болтурбоо максатында жеке автотранспорттун кирүүсүнө чектөө киргизилди.

Көрүүчүлөр үчүн Чоң-Сары-Ой — Кырчын багытында 300 кичи автобустан турган акысыз шаттл системасы уюштурулду. Ошондой эле атайын унаа токтотуучу жайлар даярдалды.

Негизги аянтчаларда байланыш инфраструктурасы күчөтүлүп, кошумча базалык станциялар орнотулду.

Коопсуздук боюнча түзүлгөн штаб тууралуу

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Координациялык штаб түзүлдү.

Коомдук тартипти коргоо, медициналык тейлөө, энергетика, транспорт, байланыш, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кызматтары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күчөтүлгөн иш режимине өткөрүлдү.

Оюндарды өткөрүүгө атайын даярдыктан өткөн 700 ыктыярчы тартылды. Алар чет элдик делегацияларды, спортчуларды жана конокторду коштоп жүрүшөт.

ЖМК тууралуу

Маматкановдун маалыматы боюнча, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга 1 миңден ашык журналист, блогер, медиа өнөктөш жана телеканалдардын өкүлдөрү тартылды. Алардын 200дөн ашыгы — чет элдик журналисттер.

«Газпром» спорт комплексинде жана Кырчын жайлоосунда атайын басма сөз борборлору уюштурулуп, зарыл болгон техникалык шарттар түзүлдү.

Оюндарды Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, ЭлТР жана «Номад ТВ» түз эфирде көрсөтүшөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү.

Scroll to Top